«Инклюзивдик платформаны» түзүү боюнча семинар

“Жергиликтүү коомчулуктун экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү үчүн инклюзивдик аянтчаны” түзүү максатында 5-июньда Араван районунунда жумушчу семинар өткөрүлдү. Семинарга долбоорго кирген Тепе-Коргон, Чек-Абад, Нур-Абад айыл өкмөтүнүн чек арага жакын жашаган максаттуу топтун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын/айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, миграция жана социалдык камсыздоо мекемесинин соц адистери жана Араван районунун мамлекеттик администрациянын башчылыгы менен биргеликте кызматташууну күчөтүү, биргелешип көйгөйлөрдү аныктоо максатында чогулушту. Иш-чарада аянтчаны түзүүнүн маанилүүлүгү, коомчулуктун артыкчылыктуу маселелерин өз убагында аныктоо жана ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табууда бардык тараптарды таруу маанилүүлүгүнө басым жасалды. Иш-чарага катышкан Араван райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары Осмонов Бактыбек Арапбаевич ар бир айыл аймагынын көйгөлөрүн, кесепеттерин угуп, чечүү жолдорун катышуучулар менен биргелешип талкууланды. Андан сырткары көйгөйлөрдү чечүүдө ар кандай деңгээлде чечим чыгарчу адамдар, мекемелер менен иштөөдө, тапшырмалар берилип, кээ бир маселелер айылдык кенештин деңгээлинде, кээ бирлери район, кээ бирлери өкмөт деңгээлинде чечүүнү талап кылары талкууланды. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин иштин жыйынтыгын чыгаруу үчүн тегерек стол өткөрүлгөндө кайрадан ушул чыккан көйгөйлөр канчалык деңгээлде чечилгенине жыйынтык чыгарабыз. Албетте, максаттуу топтор тарабынан көтөрүлгөн бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар бир айыл окмот, район денгээлинде иш-чаралар көрүлөрүнө ишенебиз, ошондой эле катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.

Төмөнкү иш-чара Европа Биримдиги тарабынан БОМКА 10 программасынын алкагында каржыланган «Ош облусунун Араван районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардагы миграцияга кабылгандар жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөр үчүн социалдык адилеттүүлүк жана киреше көбөйтүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

——————————————————————

Проведен рабочий семинар для усиления взаимодействия между ОМСУ и местного сообщества пилотных сел через создание «Инклюзивной платформы для содействия экономического развития местного сообщества». На рабочем семинаре участвовали представители от лица бенефициаров проекта 3-х пилотных сообществ, депутаты местных кенешей, члены сельских комитетов здоровья, представители ОМСУ/ айыл окмотов, соц работники, зам аким администрации Араванского района Осмонов Б.А. На семинаре обсудили важность совместного определения приоритетов сообществ касательно вопросов приграничных сел, также важность создания такой площадки для определения приоритетов и участия всех сторон при нахождении путей решения проблем, так как от правильного принятого решения зависят последствия. Далее каждое пилотное сообщество при участии всех ЗС определили приоритеты и последствия этих нерешенных проблем, также риски. При участии депутатов и зам акима Осмонова обсудили каждую проблему и определили фронт работы для содействия решения поднятых вопросов. Зам аким в свою очередь зафиксировал все приоритетные проблемы и заверил, что проблемы будут все учтены и последовательно будут решаться. До конца этого года будет проведен КС по подведению итогов работы. Мы очень надеемся, что все проблемы, поднятые нашими ЦГ, будут учтены и будут приняты меры по их решению.

Данное мероприятие прошло в рамках проекта «Социальная справедливость и равный доступ к увеличению дохода для социально уязвимых семей, затронутых миграцией в приграничных селах в Араванском районе Ошской области» финансируемая Европейским Союзом в рамках Программы БОМКА 10.