Коопсуз миграция

Мы рады сообщить, что недавно состоялось масштабное мероприятие, приуроченное к безопасной миграции! Вместе с администрацией Араванского района Ошской области, мы провели целый ряд мероприятий, которые были нацелены на информирование и поддержку социально уязвимых семей, затронутых миграцией в приграничных селах в Араванском районе.
Одной из главных частей этого события стала ярмарка вакансий, где представители компаний и профлицеи предоставили информацию о доступных рабочих местах и возможностях для жителей района. Мы верим, что это отличная возможность для наших участников узнать о новых перспективах и найти подходящую работу.
Кроме того, в рамках мероприятия мы провели форум-театр с активным участием молодежи. Этот форум-театр позволил молодым людям выразить свои идеи, проблемы и мнения, связанные с безопасной миграцией и по вопросам здоровья (предупреждению инфекционных заболеваний ИППП, ВИЧ/СПИД, Туберкулез). Мы гордимся участием нашей молодежи и их стремлением внести позитивные изменения в сообщества.
В рамках информирования о безопасной миграции, мы также провели онлайн викторину с ценными призами. Это был замечательный способ проверить знания участников и подарить им незабываемые впечатления. Мы хотим поблагодарить всех, кто принял участие в викторине и показал интерес к безопасной миграции.
На мероприятии приняли участие бенефициары наших 3 пилотных сообществ, молодежь сел, учащихся профессиональных лицеев, работодатели, представители местных органов власти, районной администрации и правоохранительных органов. В ходе мероприятия представители правоохранительных органов информировали о возможностях получения информации через общественные приемные.
Мероприятие было организовано в рамках проекта «Социальная справедливость и равный доступ к увеличению дохода для социально уязвимых семей, затронутых миграцией в приграничных селах в Араванском районе Ошской области» финансируемая Европейским Союзом в рамках Программы БОМКА 10.
Благодарим всех участников, организаторов и партнеров за поддержку и активное участие в этом мероприятии. Наша цель — создать благоприятную и безопасную среду для всех жителей Араванского района. Мы уверены, что наше сотрудничество и совместные усилия приведут к положительным изменениям в нашем обществе.
——————————————————————
📢 Ош облусунун Араван районунун администрациясы менен биргеликте Араван районунун чек арага жакын айылдарындагы миграцияга кабылган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө маалымат берүү жана колдоо көрсөтүү максатында коопсуз миграцияга арналган бир катар иш-чараларды өткөрдүк.
Бул иш-чаранын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп бош орундардын жарманкеси болуп, анда ишканалардын жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрү райондун тургундары үчүн жеткиликтүү жумуш орундары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Бул биздин мүчөлөрүбүз үчүн мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга жана ылайыктуу жумуш табууга сонун иш-чара деп эсептейбиз.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жаштардын активдүү катышуусу менен форум-театр өткөрдүк. Бул форум-театр жаштарга коопсуз миграция, тобокелчиликтерди алдын алуу, ден соолук маселелери боюнча (жугуштуу ооруларды, ЖЖЖОды, ВИЧ/СПИДди, кургак учукту алдын алуу) боюнча да маалымат берилди, катышуучуларга бул көйгөйлөрдү болтурбоо боюнча өз ойлорун, көйгөйлөрү алдын ала алуу боюнча ар кандай профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маанилүүлүгү боюнча айтууга мүмкүнчүлүк берилди.
Биз жаштарыбыздын ушундай иш-чараларга активдүү катышуусу менен сыймыктанабыз жана алардын жамааттарда оң өзгөрүүлөрдү жасоого умтулуусун колдойбуз.
Коопсуз миграцияны илгерилетүүнүн алкагында онлайн викторина да өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болду, анын жеңүүчүлөрүнө долбоор тарабынан баалуу белектер берилди. Бул иш-чара катышуучулардын билимин сынап, аларга унутулгус тажрыйба тартуулоонун эң сонун жолу болду. Викторинага катышып, коопсуз миграцияга кызыккандардын баарына ыраазычылык билдиребиз.
Иш-чарага биздин пилоттук жамааттын бенефициарлары, айыл жергесинин жаштары, профессионалдык лицейлердин окуучулары, кызматкерлер, жергиликтүү бийликтен, райондук администрациясынан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү коомдук кабылдамалар аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат беришти.
Иш-чара Европа Биримдиги тарабынан БОМКА 10 программасынын алкагында каржыланган «Ош облусунун Араван районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардагы миграцияга кабылгандар жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөр үчүн социалдык адилеттүүлүк жана киреше көбөйтүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга жана өнөктөштөргө бул иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин максат – Араван районунун бардык тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү. Биздин кызматташтыгыбыз жана биргелешкен аракеттерибиз коомубузда оң өзгөрүүлөргө алып келет деп ишенебиз.